Сузакта тургундун үйүнөн Өзбекстан менен байланыштыруучу тоннель табылды (фото)

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Кечээ, 19-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан миграциянын жана контрабанданын мыйзамсыз каналдарын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жүктөрдү жана адамдарды мыйзамсыз ташуу үчүн колдонулган тоннель табылды.

Аталган тоннель Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстандын чек арасына жакын жерден табылган.

"Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына чейинки узундугу 50 метрди, ал эми бийиктиги 1 метр 70 сантиметрди түзөт. Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн 1986-жылы туулган үйдүн ээси Э.А. кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда УКМК кызматкерлери тарабынан тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар башка адамдарды, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан