Иштөө үчүн келген. Ошто дайынсыз жоголгон өспүрүм Бишкектен табылды

Ошто дайынсыз жоголгон өспүрүм Бишкектен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Ош ШИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-февралда милицияга Ош шаарынын 48 жаштагы Э.У. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2006-жылы туулган К.М. аттуу уулу үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. Мындан тышкары ал уулун таап берүүнү суранып өлкө жетекчилигине дагы кайрылуу жасаган.
Издөөдө жүргөн К.М. 19-мартта Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлардын биринде ашпозчунуну жардамчысы болуп иштеп жүргөн жеринен табылып, 20-мартта Ош шаарына алып келинген.
Табылган бала Бишкекке кеткенге чейин "Арзуу" кафесинде ашпозчунун жардамчысы болуп иштегенин, тапкан акчасын коротуп салгандыгын айткан. Балага атасы ал акчаларды табууну талап кылгандыктан, эч кимге айтпастан иштөө үчүн борборго кетип калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан