"Крокус Ситидеги" теракт: Каза болгондордун саны 143кө жетти

"Крокус Сити Холлдогу" терактан каза болгондордун саны 143кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазышууда.

Белгилүү болгондой, жүздөгөн адамдар ооруканада дарыланып жатат. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Буга чейин бул кандуу окуянын кесепетинен үч жаш бала каза болгону кабарланган болчу.

Алдын ала маалыматтарда, каза тапкандарга ок тийген жана өрттөн чыккан ышка ууланышкан.

Эске салсак, аталган концерттик залындагы теракт 22-мартта орун алган. Маалым болгондой, окуя "Пикник" тобунун концерти өтүп жаткан учурда болгон. Анда белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан.

Терактка байланыштуу 11 адам кармалганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан