Кечээ, 23-мартта Бишкекте турак үйдөн ири өрт чыгып, 57 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Свердлов районундагы Широкая көчөсүндөгү менчик үйдө болгон. Өрттү өчүрүүгө биринчи бригада саат 16:20да барган. Андан кийин дагы үч бригада кеткен. ӨКМчилер тилсиз жоо менен төрт саатка чукул күрөшүп, саат 20:03дө толугу менен өчүрүлгөн.
"Тилекке каршы өрт кырсыгынын кесепетинен 1967-жылы туулган М.Р. аттуу эркек киши каза тапты", -деп айтылат билдирүүдө.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.