"Панфилов" паркында жеке менчикке берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды (фото)

Бишкектеги Панфилов сейил багында жеке менчикке берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМК кабарлады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатр) ар кандай оюн зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн жеке менчике мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган.

"Аталган жер тилкеси Иван Панфилов паркынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет. Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.

Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкесин негизги менчик ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденген жана бүгүнкү күнгө чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы менчик ээси М.С. аттуу жаран, жогоруда көрсөтүлгөн аянты 0,072 гектар, болжолдуу баасы 41 миллион 678 миң сом болгон жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан