"Ош базардын" жанындагы соода борбор өрттөнүүдө

Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун Чүй кең көчөсүндө жайгашкан соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт борбор калаанын "Ош базарынын" жанындагы "Эне-Өргөсү" соода борборунда болжолдуу саат 09:30да катталды. Окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүү бөлүмү жана ӨКМнын штабы барган.
"Жалынды өчүрүүгө саат 9:31де Биринчи Май райондук №4 Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 1, кошумча саат 09:37де 3 бөлүм жана штаб тартылган. Жеринде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан