Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Түркиядагы “Гранд-Слам Анталия” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-31-март күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- Кубанычбек Айбек уулу (66 килограмм);
- Асад Масабиров (81 килограмм);
- Эрлан Шеров (90 килограмм).
Ал эми курама команданын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов.