Жайыт жерлерди мыйзамсыз саткан кылмыштуу топтун мүчөсү Бойко кармалды

"Женго" каймана аты бар Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү “Бойко” каймана аты менен белгилүү болгон А.А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка караганда, ал материалдык пайда алуу максатында Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы жайыт жерлерди "Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен тил табышып, аталган айыл өкмөтүнүн аймагындагы 8 414 гектар жайыттын 500 гектарга жакынын сатып жиберишкен. Белгиленген участоктор 10 000 долларга жана андан жогору баага сатылып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Жайыт участоктору чет өлкөлүк жарандарга сатылганы такталган.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан