Кечээ, 25-мартта Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жалынды өчүрүүгө жеринде Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобунан жалпы 3 күжүрмөн эсеп иш алып барган.
"Өрт саат 23:43тө чектөөгө алынып, 00:40та толук өчүрүлдү. Тилсиз жоонун жалпы аянты болжол менен 25-30 гектарды түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Өрттүн кесепетинен жаракат алгандар катталбаганы кошумчаланды.