Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун 4-турдук оюнунда кытайлык Тайбэй курамасы менен беттешип, ири эсепте жеңишке жетти.
Оюн бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, анда "Ак Шумкарлар" 5:1 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргыз курамасынан Жоэль Кожо хет-трик жасаса, Христиан Браузман менен Кими Мерк бирден гол киргизишти.
Муну менен Кыргыз курамасы тайпада биринчи орунга көтөрүлдү.