"Крокустагы" теракт: Алишер Касимовдуку делген Москвадагы кафе жабылды

"Крокус Ситидеги" терактка шектелип кармалган Алишер Касимовго таандык делген Москвадагы "Чайхана" кафеси жабылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Путилковское шоссесинде Касимовго таандык делген "Чайхана" кафесинин бардык эшиктери жабык, алдыдагы иш графиги тууралуу эскертүүчү белгилер жок. Жанындагы мончо да жабык. Анын эшигине илинген барак бар, анда "мекеме бүгүн жабык" деген кол менен жазылган жазуу гана бар.

Кечээ, 26-мартта "Крокустагы" терактка шектелип сегизинчи адам кармалган. Ал Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Алишер Касимов болгон. Касимов террорчуларга ижарага батир берген. Ал сотто "Крокустагы" теракт тууралуу билбегенин айткан. Сот аны 2 айга камакка алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан