Видеодон спецназдар эл арасында жарандын колун кайрып жатканын жана ошол убакта бир жигит күч кызматкерлерин секирип тепкенин көрүүгө болот.
Милицияга жеке коопсуздук кызматкери таш, кирпич ыргытып, таяк менен сабаган 6 жаранга чара көрүүнү суранып кайрылган.
Ага ылайык, бейбаштыкка шектелген 40 жаштагы жаран тергөөчүгө чакырылганда барган эмес. Ал кечээ, 27-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми милиция күч кызматкерлерин тепкен жаран кармалган адамдын 18 жаштагы уулу экендигин тастыктады.