Москвадагы "Крокус Сити Холлдо" теракт уюштургандар коркуу сезимин өчүрүүчү психотроптук заттарды колдонушкан. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен BAZA телеграм каналы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, Далержон Мирзоев, Шамсутдин Фаридуни, Саидакрами Рачабализода жана Мухаммадсобир Файзовдон экспертиза үчүн кан алынган. Алардын канынан "чындыкты кабыл алууну өзгөрткөн" психотроптук зат табылган.
Алардын канынан кандай зат аныкталганы так айтылган жок.