Кыргыз боксчусу Бакуда өткөн турнирде коло медаль тагынды

Санжар Сейдакматов Азербайжанда өткөн бокс боюнча “Улуу Жибек Жолу” эл аралык турниринде коло байге утту. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Маалыматка ылайык, спортчу 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан. Ал алгачкы беттешин тажикстандык Мухаммадали Хасанов менен өткөрүп, биринчи раундда нокаутка кетирген. Жарым финалда өзбекстандык Худойназар Фаизов аттуу мушкерге 2:3 эсеби менен жеңилип калган. Бирок боксчу 3-орунду камсыздай алды.

Эске салсак, Баку шаарында 24-мартта башталган эл аралык турнирге 11 өлкөдөн келген (Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Орусия, Польша, Казакстан, Тажикстан, Иран, Италия, Пакистан жана Венгрия) 120 спортчу катышууда. Өлкө атынан 5 мушкер катышып жаткан турнир 29-мартта жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан