Сурдо таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күнү жыйынтыкталды

Кечээ, 28-мартта сурдо таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, Татамиде эркектер арасында 68 жана 63 килограммга чейинки салмакта, ал эми кыз-келиндер арасында 53, 57 жана 62 килограммга чейинки салмак ченинде беттештер болуп өттү.

Ага ылайык, эркектер арасында 63 килограммга чейинки салмакта Баястан Жеңишов коло медалга ээ болсо, кыз-келиндер арасында 53 килограммга чейинки салмакта Шахида Амирова алтын медалга, ошол эле салмакта Күнсулуу Олжобай кызы 3-орунду ээледи. Ал эми 57 килограммга чейинки салмакта Бермет Марсбекова жана 62 килограммга чейинки салмакта Сабина Карыбекова коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, 26-мартта башталган сурдо таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугу 29-мартта жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан