Орусиянын Челябинск-Троица унаа жолунда катталган жол кырсыкта 51 жаштагы кыргызстандык аял каза болду. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта кырсык кечээ, 29-мартта Челябинск-Троица унаа жолунун 93-чакырымында болгону айтылат.
"Кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы Кыргыз жараны алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон" деп жазылат ТИМдин маалыматында.
Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси каралып жатат.