Маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-мартта кылмыш чөйрөсүндө "Таранчы" каймана аты менен белгилүү Н.Н.К. аттуу жаран Ош шаарынын аэропортунан кармалган.
Ал Чаткал районунда иштеген тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына күч колдонуп, салык салган деп шектелүүдө.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатат.