Казакстандын Караганды облусунда жол кырсыгынан 5 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде казак басылмалары жазууда.
Маалыматтарга караганда, жол кырсыгына Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткени себеп болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.