Париж Олимпиадасында кыргызстандыктарга көзөмөл күчөшү мүмкүн

Франциянын ички чалгындоо кызматы Париждеги Олимпиада оюндарынын алдында Казакстандын, Түркмөнстандын жана Кыргызстандын жарандарына көзөмөлдү күчөтүүнү ниеттенүүдө. Бул тууралуу Europe 1 басылмасы жазды.

Басылма жазгандай, Москва облусундагы "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин Франция теракт коркунучунан улам Олимпиаданын ачылыш аземин да өзгөртүшү мүмкүн. Ошондой эле Франциянын чалгындоо кызматы Борбор Азия өлкөлөрүндө активдүүлүк күчөп жатканын байкап, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Кыргызстандын жарандарын дыкат көзөмөлгө алууну пландап жатканы айтылды.

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 2024-жылдын 26-июлуна белгиленген. Оюндар ушул күндөн 11-августка чейин Парижде өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан