Казакстанда дайынсыз жоголгон 36 жаштагы кыргызстандык аял табылды. Бул тууралуу Астананын полиция департаменти кабарлады.
Маалыматына караганда, ал Казакстанга 2014-жылы келгенден бери жакындары менен болгон байланыш үзүлүп калган. Табылган Кыргыз жараны Кыргызстандын элчилиги аркылуу агасы менен жолуктурулган.
Шаардык полиция департаменти мындан башка толук маалымат берген жок.
Видеодон 10 жыл мурун жоголгон карындашын таап бергени үчүн, анын агасы казак полициясына ыраазычылыгын айтып жатканын көрүүгө болот.