Камчыбек Ташиев: "Мамлекеттин бир сомун дагы жедирбейм"

Мамлекеттин бир сомун дагы жедирбейм. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "7-каналга" курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иште ким канча каражат төккөнү жакында ачыкталат.

"Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү, жарыя кылабыз. Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин "жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап жатышат" дегендерге берген жообубуз болот. Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен 100 пайыз кепилдик берем.

Анткени дагы кайталайм, мамлекетти сүлүк курттай соруп келген уурулардан коомду тазалоо өтө кыйын болуп жатат. Азыр дагы тазалап бүтө албай жатабыз, алар абдан уюмдашып кеткен. Мунун баары эл үчүн! Бир тыйыны калбай мамлекеттин, элдин пайдасы үчүн жумшалат. Күтүп тургула", - деди Ташиев.

Ошондой эле УКМК жетекчиси өлкөдө болуп жаткан жетишкендиктер коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы экенине токтолду.

"Биздин жасап жаткан иштерибиз элге бүт ачык көрүнүп турат. Эгемендикке ээ болгондон бери элди талап-тоноп келе жаткан уурулардан өндүрүлүп жаткан каражаттар биринчи кезекте калктын социалдык турмушун жакшыртууга жумшалып жатат. Ар бир региондо үйгө муктаж жарандар үчүн ипотекалык үйлөрдүн курулушу, жаңы салынып жаткан мектептер, бала бакчалар, жолдор ушул ишибиздин жыйынтыгы. Бир эле аскердик тармакты ала турган болсок, акыркы 2 жылда армиябызды күчтөндүрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалды.

Баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Кыскасы, "иттер үрө берет, кербен жүрө берет". Биз мамлекет үчүн ишти кыла беребиз", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан