Ахрор Иминов 4-июнга чейин камакта калтырылды

Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Билдиргендей, Иминовдун УКМКнын абагындагы камак мөөнөтү 4-июнга чейин узартылган.

Буга чейин 5-февралда райондук сот анын камактагы мөөнөтүн 4-апрелге чейин узаткан болчу.

Белгилей кетсек, Иминов былтыр ноябрда УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен кармалган. Кийин ал тергөө аяктаганча өлкөдөн чыгып кетпөө тил каты менен камактан бошотулуп, январдын башында кайра кармалганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан