Армения курамасынын дарбазачысы МАИ кызматкерин жана бир адамды өлтүрө сүздү

Армениянын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Армен Фишян жол кайгуул кызматкерин жана ал токтоткон айдоочуну өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу SHOT телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, улуттук кураманын футболчусу кылмыш болгон жерден транзиттик номурлуу унаасы менен качып кеткен. Кылмышкерди кармоо үчүн "Перехват" планы киргизилген.

Кийинчерээк футболчу окуя болгон жерден 60 чакырым алыстыкта ​​кармалган. Ага карата "транспорт каражаттарын пайдалануу жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу" беренеси боюнча иш козголду.

Армен Фишян профессионалдык карьерасын 2016-жылы аяктаган. Андан бери ал кичи-футбол клубдарында ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан