Аравандагы стадион жана билим берүү мекемелери мамлекетке кайтарылды (фото)

Араван районундагы жалпы аянты 0,46 гектар, базар баасы 307 миллион 135 миң сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК мыйзамсыз берилген мамлекеттик жерлерди кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ош облусунун Араван районундагы стадиондун жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктады.

Тактап айтканда, президенттин 1995-жылдын 16-февралындагы “Юридикалык же жеке жактарга социалдык инфраструктура объекттерин менчиктин жеке же башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө" жарлыгын бузуу менен, 2001-жылы Араван айылдык кеңеши тарабынан лицей жана спорт комплексин куруу үчүн, Араван айылындагы жалпы аянты 0,46 гектар болгон райондук стадиондун жерин жеке жактарга бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарылгандыгы такталган.

"Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы базар баасы 307 миллион 135 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси жана анын аймагында жайгашкан, спорт жана билим берүү мекемелери мамлекеттик балансына кайтарылды", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан