130дан ашык спортчу катышат. Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте бокс боюнча Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Билдирмеге ылайык, мелдеш 18-22-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Иран жана Таиланддан 130дан ашык спортчу келээри күтүлүүдө.

Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 килограммга чейинки салмак категорияларында күч сынашат.

Эскерте кетсек, Д.Шопоковдун жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш быйыл 46-ирет өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан