Таңга маал короодогу унааны айдап кеткен. Баткенде уурулукка шектүү кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында автоунаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул жөнүндө Баткен ОИИБинен маалымат берип, кармалган жаран мурда сот жообуна тартылганын билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 30 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылып, 30-мартта таңга маал короосундагы Лексус 330 маркасындагы автоунаасын белгисиз жаран айдап качып кеткендигин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Шектүү катары 18 жаштагы жаран Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал Бишкектин тургуну жана мурда сот жообуна тартылганы маалымдалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан