Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФАнын жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде 4 сапка көтөрүлдү. Рейтинг бүгүн, 4-апрелде ФИФАнын расмий сайтына жарыяланды.
Анда "Ак шумкарлар" 208 өлкөнүн ичинен 1196 упайы менен 100-орунга жайгашты. Февраль айында "Ак шумкарлар" 104-орунда болчу.
Рейтингде алдыңкы сапты Аргентина, Франция жана Бельгия ээледи.