Депутат Жакышев Акылбек Жапаровдун 6 ай мурун берген убадасын эске салды

Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго 6 ай мурун берген убадасын эске салды.

"Акыркы убактарда борбор калаада эч кандай жылыш жок. Уктап калгандай сезилип жатат. Сиз айткансыз Бишкек шаарынын мэрин 3 айлык мөөнөт менен алып келдик, эгерде тыгындарды чечпесе кетет дегенсиз. 3 ай эмес 6 ай болуп калды. Тыгын мурун "час пик" учурунда эле болсо, азыр эртеден кече болуп жатат. Тыгынды чечмек турсун көбөйтүп салды. Буга кандай чара колдонсо болот?", - деди депутат.

Өкмөт башчы мэр 3 айда көйгөйдү чечүү механизмин бербесе жумуштан алынат дегенин тактады.

"Тыгын маселеси 3 жылдын ичинде чечилип калат. Мэр үч айлык мөөнөттө көйгөйдү чечүү механизмин бербесе кетет дегенбиз. Азыр берди. Мэриянын бюджетин 32 миллиард сомдун тегерегинде бекиттик. Каражаттын көбү тыгынды чечүүгө жумшалат", - деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш 04.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан