Бишкектин "Алга" футболдук клубуна оюндун эрежесин бузганы үчүн жеңилүү ызасы менен чогуу 50 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Премьер Лигасы кабарлады.
Кыргыз футбол бирлигинин Тартип комитети 2024-жылдын 1-апрелиндеги "Илбирс" клубунун нааразычылык катын оюндун протоколун караган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында "Алга" клубу эреже бузганы аныкталган.
КФБ дисциплинардык кодексине ылайык, беттештин жыйынтыгы жокко чыгарылып, 0:3 эсебинде "Алга" футболдук клубу утулуп, 50 миң сом айып пул салуу чечими кабыл алынды.
Тартип комиссиясынын чечими апелляциялык комиссияга кайрылууга мүмкүн.