Акжол Махмудовдун Париж Олимпиадасындагы дагы эки атаандашы аныкталды

Бакуда өтүп жаткан күрөш боюнча Олимпиадага тандап алуу турниринде грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта эки лицензиянын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Европага бөлүнгөн эки лицензияны түркиялык Бурхан Акбудак менен финландиялык Йонни Сарккинен утуп алышты.

Эки балбан тең 77 килограмм салмакта финалга чыгышты.

Белгилей кетсек, 77 килограмм салмакта Олимпиада оюндарына Акжол Махмудов катышат. Ал Олимпиадага №1 балбан катары барат. Акжол Махмудов Олимпиадага лицензияны былтыр Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунда уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан