Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылды

Бүгүн, 7-апрелде президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Анда мамлекет башчысы апрель баатырларынын эрдиги ар бир мекенчил жарандын жүрөгүндө жашарын белгиледи.

Урматтуу мекендештер!

Апрель элдик революциясы күнү – үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан, адилетсиздик менен зордук-зомбулукка моюн сунбаган, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн! Элдин эрки менен эсептешпей калган бийликтин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору айкындалган күн!

Тилекке каршы, Апрель элдик революциясы бизге оор жоготуулар менен келди. Өкүмзор бийлик алдына чөгөлөп бербей, өз журтунун келечек тагдыры үчүн өлүмгө тике караган эр-азаматтарыбыздан айрылдык.

Апрель элдик революциясы – ɵлкɵдɵ башкы күч эл экенин, кыргыз элинин канында адилеттик, калыстык, эркиндик үчүн ажалдан да кайра тартпай турган баатырдык мүнɵз бар экенин далилдеген кандуу окуя катары дүйнө жүзүнө тарап, тарыхыбызга ташка тамга баскандай жазылып калды.

Мамлекеттин жаркын келечеги деп кан-жанын аябай, эл мүдөөсүн орундатуу үчүн чечкиндүү кадамга барып, курман болгон баатырларыбыздын элесине таазим кылабыз. Апрель баатырларынын эрдиги ар бир мекенчил жарандын жүрөгүндө жашайт. Алардын жасаган каармандыгы биз үчүн да, келечек муун үчүн да ар дайым үлгү болуп кала берет.

Өлкө башына кайсы бийлик келбесин, элдин аруу тилегин атуулдук ариети жана иштиктүү аракети менен актоого тийиш. Апрель окуясында шейит болгон баатырларыбыздын жана карапайым элибиздин мүдөөсүн актай турган, жаркын келечек үчүн жаңы кадамдар башталды. Ар тармакта элдин кызыкчылыгын алдыңкы орунга койгон реформалар жасалып жатканы жалпыңыздарга белгилүү.

Коом турмушу өтө саясатташып турган бүгүнкүдөй учурда ачык-айкындуулук, акыл-эстүүлүк, сабырдуулук зор мааниге ээ. Эгерде эл ичинде биримдик, өлкөдө туруктуулук болбосо, калк турмушу оңолбойт. Эң башкысы элибизде ынтымак, ишеним жана бири-бирибизге колдоо болсо, алдыбызга койгон бийик максаттарга жетээрибизге терең ишенем.

Баарыӊыздарды курман болгон эр-азаматтардын элесине таазим этүү менен, биримдик жана ынтымакты туу тутуп, ɵлкɵбүздүн ɵнүгүү кадамдарына салым кошууга чакырам!” - деди өлкө башчы кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан