Бишкекте өлкөнүн алдыңкы балбандарынын катышуусунда Азия чемпиондугу өтөт 

Бишкек шаарында 11-16-апрель күндөрү эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта чемпиондукка катышуу үчүн Азиянын 30дан ашык мамлекети билдирүү берди. Өлкөдөн Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар катышарын кошумчалады.

"Учурда спортчулардын даярдыгы жакшы. Алар Ысык-Көлдө жана Орусиядан атайын машыгуулардан өтүп келди" деди Турганбаев.

Спорттук иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 16 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан