Эртең, 9-апрелде Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жогорку кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, иш сапардын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда жолугушуу өтөт.
Бул анын Кыргызстанга болгон алгачкы сапары экени кошумчаланды.
Эске салсак, Олжас Бектенов Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон буйрукка ылайык, өкмөт башчы кызматына быйыл 6-февралда дайындалган.