"Кайсы кара теке сүздү билбейм". Садыр Жапаров кармалган тарапташтары боюнча үн катты

Бишкекте бейбаштыкка шектелип 6 жаран кармалган. Милиция алардын сүрөтүн жарыялаган соң, социалдык тармактарда кармалгандар "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү экендиги айтылып, кызуу талкуу жаратууда.

Бул окуяга байланыштуу бүгүн, 9-апрелде президент Садыр Жапаровдон "Кабар" агенттиги маек алды.

"Кийинки убакта мен "мекенчилмин" деген аферист, шантажчылар пайда болду. Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү "кайсы кара теке сүздү" билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: "Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө" деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткенмин: "Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап" деп.

Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса "мекенчил" эмес, ким болсо да жоопко тартылат. Мекенчил болсоң чын жүрөктөн мекенчил бол. Мамлекет үчүн мекенчил бол. Мен мекенчилмин деп бирөөгө милдет кылба. Чыныгы мекенчилдер кыйкырбай эле, милдет кылбай эле мекенчил болуп жүрүшөт. Алардын баарын билем, тааныйм, бийик баалайм. Шантажчылар мурдатан эле "президентке жамандап кызматтан алдыртабыз" деп шантаж кылып акча алып жүрүшкөнүн билип, эки тарапты тең чакырып, эскерткемин. "Мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы мага даана көрүнүп турат. Мурдакы заман жок. Бирөө мамлекеттин акчасынан бир тыйын уурдай албайт. Мейли мурда ким болбосун, кайсы партия менен шайлоого барбасын бөлбөймүн. Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Алардын баарын көрдүм.

Менин башкаруу мөөнөтүмдө эл үчүн, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдойм. Тигини кызматтан ал, муну кызматтан ал деген сөздөрүңөрдү токтоткула. Ким иштей албай жатса, уурдаса силерсиз эле кызматтан алам" деп узаткам. Жеңил жашоого көнүп алган адам оңолбойт экен да.

Мен кандай болбосун бир жактуу эле карап жыйынтык чыгара бербейм. Сөзсүз эки жакты тең угуп, кайсы тарабында чындык бар экенин тактап туруп анан жыйынтык чыгарам. Ошондуктан мекенчилдер камалды деп ызы-чуу түшө бериштин кереги жок. Медалдын эки бети бар экенин эстен чыгарбагыла", - деди өлкө башчы.

Ошондой эле мамлекет башчы буга чейин социалдык тармактарда аталган партия мүчөлөрүнүн чай үстүндөгү сүйлөшүүлөрү тартылган видео тараганына дагы жооп берди.

"Так кесе айта алам. Ал камерага бийликтин жана күч органдарынын таптакыр тиешеси жок. Күч органдары койсо антип “колхозчо” коймок эмес. Күч органдары койгон камераны таап алыш мүмкүн да эмес. Бул маселе териштирилет", - дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан