Валентина Шевченко UFC уюмунан алган жети чемпиондук курун көрсөттү (сүрөттөр)

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко ар бир мелдеште титулду ийгиликтүү коргогону үчүн UFC уюмунун жети чемпиондук курун алды. Мушкер алган курунун сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

"Булар ар бир мелдеште титул коргоп утуп алган курлар. Эми анын баары мени менен үйүмдө. UFC уюмуна рахмат", - деп жазган Шевченко.

Маалымдалгандай, бул курлар UFCде жети чемпиондук курун ийгиликтүү коргогонунун символу катары жөнөтүлдү. Мындай мүмкүнчүлүк кыргызстандык мушкерге гана берилди. Негизи уюмдун башка спортчулары улам жаңы кур тагынышпайт. Эреже боюнча бир эле кур берилет, болгону жеңишти камсыздаган сайын ошол эле курга бирден баалуу таш тагылып турат.

Эске салсак, Валентина Шевченко UFCде чемпиондук курун жети ирет ийгиликтүү коргогон. Бирок былтыр мексикалык Алекса Грассо менен беттеште сегизинчи чемпиондук наамын коргой албай калган. Кийин ошол эле мушкер менен реваншка чыгып, экөө тең чыккан.

2019-жылы өлкөнүн "Даңк" медалы менен сыйланган.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан