Азия чемпиондугу: Эки кыргыз балбаны коло медаль жеңди

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, балбан Улукбек Жолдошбеков 65 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде артта калтырды. Ал эми Алибек Осмонов 70 килограммга чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды жеңип коло байгеге татыды.

Эске салсак, Бишкек шаарында “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө. 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш, 13-14-апрель кыз-келиндер арасында, 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан