"Эч кандай санкциядан коркпойбуз". Акылбек Жапаров "Мир" картасы боюнча үн катты

Бүгүн, 12-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде өлкөдө "Мир" карталарын тейлөө токтотулганына комментарий берип, өкмөттүн тиешеси жок экенин билдирди.

"Биринчиден, биз эч кандай санкциядан коркпойбуз. Жашоо санкция менен деле улана берет. Экинчиден, санкция киргизгенге негиз да жок.

Үчүнчүдөн, "Мир" картасын биз токтоткон жокпуз. Биз тейлөө токтотулгандан кийин билип калдык. Себеби МПЦ (Банктар аралык процессинг борбору) өкмөткө карабайт. МПЦны коммерциялык банктар көзөмөлдөйт. Улуттук банкты да угушпайт экен. Коммерциялык банктар МПЦнын 54 пайыздан көбүнө кожоюндук кылышат экен. Балким ошол коммерциялык банктар санкцияга түшүп калбайлы деп чочулашса керек деп ойлойм", - деди Жапаров.

Ошондой эле өкмөт башчы орусиялык карта Кыргызстан үчүн дагы маанилүү болуп келгенин белгиледи.

"Мир" картасы көбүнчө орусиялыктарга эмес, бизге пайда алып келет эле. "Мир" картасын өчүргөн үчүн Орусиянын кылы да кыйшайбайт. "Мир" картасы иштеп турганы бизге көбүрөөк керек эле. Мейли эми өчүрсө өчүрүптүр да деп башка жолдорун караштырып жатабыз. МПЦ өкмөт менен макулдашып койсоңор болмок деп жатабыз. Себеби Орусияда биздин бир миллиондон ашуун жарандарыбыз бар. Алардын баары "Мир" картасын колдонушчу. Орусия тараптан да 3 жылдан бери Кыргызстанга өзүңөрдүн баңкынарды ачкыла же чоң бир банкыңардын филиалын ачып бергиле деп суранып келе жатабыз. Макул деп эле келе жатышат, бирок эмдигиче ачылбай жатат. Жай иштешеби же ачкылары келбей жатышабы билбейм. Эң жок дегенде бир банкынын филиалын ачып коюшса биз үчүн жакшы болот эле", - деген министрлер кабинетинин төрагасы.

Буга чейин Банктар аралык процессинг борбору 5-апрелден тартып "Мир" төлөм системасынын карталары боюнча операцияларды тейлөө токтотулганын кабарлаган. Аталган борбор мындай чечимдин кабыл алынышын Американын Каржы министрлиги тарабынан киргизилген санкцияга байланыштуу болгону менен түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан