Камчыбек Ташиев дагы Шакиевдин "Аттарыбыз арабдашып, орусташып баратат" деген сөзүнө жооп берди

Негизинен жарашыктуу кыргыз мусулман аттары эң сонун. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга берген маегинде айтты.

Маекте УКМК жетекчиси коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин тил маселесине байланыштуу сөзү боюнча өз оюн билдирген.

"Спикерибиздин парламенттин трибунасынан айткан сөзүнөн кийин коомчулукта ар кандай пикирлер пайда болуп, колдогондор, каршы болгондор болуп, бөлүнө түштү. Бүгүн эле президентибиз Садыр Нургожоевич да өз оюн билдирди, демек, маселе олуттуу экен.

Албетте, тил маселесине келгенде терең ойлонуу менен мамиле кылышыбыз кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу - адашкан пикир. Себеби, башка тилдер болбосо кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен эле бирге башка тилдерди да шар билиш керек. Анткени, ошол башка тилдер аркылуу дүйнө тааныйт, билимдүү болот жана башка өлкөлөрдөгү өнүгүп жаткан жаңы технологияларды биздин өлкөгө алып келишет.

Ошонун негизинде мамлекетибиз тышкы цивилизациядан артта калбай өнүгөт. Мисалы, мен жеке өзүм боюнча айтсам, бүгүнкү күндө бир нече жылдан бери өзүмдүн жанымдан эки мугалимге кошумча айлык акы төлөп, орус жана англис тилдерин айылдык балдарга үйрөтүп, сабак берип келебиз. Менин максатым - айылдык балдар дагы башка тилдерди билип, дүйнө жүзүн тааныса экен дейм. Өзүм мектепти бүткөндөн кийин Орусияда университетти аяктадым, жаңы барганда тилден өтө кыйналгам. Ошондуктан орус тили биздин келечек муундар үчүн өтө маанилүү. Спикерди бул маселеде колдой албайм. А кыргыз тили эне сүтүбүз менен каныбызга сиңип калган, өмүр өткөнчө унутпайбыз буюрса", - деген ал.

Ошондой эле Ташиев парламент төрагасынын арабдашып кеттик деген оюна кошулбай турганын белгиледи.

"Биз мусулман калкпыз, ушуну дагы эстен чыгарбоо керек. Негизинен жарашыктуу кыргыз мусулман аттары эң сонун, мисалы Камчыбек", - дейт УКМК башчысы.

Буга чейин 11-апрелдеги парламенттин жыйында төрага Шакиев жарандарды кыргызча сүйлөөгө жана балдарына кыргыз ысымдарын коюуга чакырган билдирүүсүнө карата өлкө башсы Садыр Жапаров комментарий берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан