16 жаштагы кыргыз футболчусу Испанияга чакыруу алды

Бүгүн, 12-апрель күнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жаш футболчу Абдумалик Айтбаевди кабыл алып, мамлекеттик тууну тапшырды. Бул тууралуу Спорт департаменти билдирди.

Министрдин орун басары Испания өлкөсүнүн “Кадис” аттуу футболдук мектепке кароо-сынактан өтүү үчүн чакырылган футболчуга ийгилик каалап, келечекте Дүйнөгө таанымал клубдарынын биринде ойношуна тилектеш экенин билдирди.

Он алты жаштагы Абдумалик “Илбирс” клубунда ойногон кыргызстандык жаш футболчу. Ал бир нече футболдук мелдештерге катышып, ийгилик жаратууга жетишкен. Буга чейин Абдумалик кыргыз командаларында футбол ойноп келсе, эми кароодон өтүп кетсе, испаниянын белгилүү бир командасында ойноого мүмкүнчүлүк алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан