Азия чемпиондугу: Кыргызстандык эки балбан коло медаль жеңди

Эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ага ылайык, Улукбек Жолдошбеков 65 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттешинде өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде артта калтырды. Ал эми, Алибек Осмонов 70 килограммга чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды жеңип коло байгеге татыды.

Эске салсак, Бишкек шаарында “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө. 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш , 13-14-апрель кыз-келиндер арасында, 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан