"Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?". Президент аталган айылга бара турган жол салына турганын айтты

Баткендин Зардалы айылына чейин бир тилкелүү жол салынат. Бул туурасында бүгүн, 13-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчаларында жазды.

Мамлекет башчысы учурда жолдун долбоору жасалып жатканын жазган.

"Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар"?,- дейт Баткендик туугандар. Долбоору жасалып башталды. Эмдиги жылдын бюджетине киргизилип, жаздын алды менен иш башталат.

Бирок тилекке каршы бир тилкелүү эле жол болот. Эки тилке кылууга мүмкүн эмес, аскалуу жерлери бар экен. Кулап кетүү коркунучу бар.

Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан унааны өткөрүп жиберүү үчүн “чөнтөкчөлөр” жасалат.

Азырынча “Жоктон көрө жогору дегендей” бир тилкелүү жол салып туралы", - деген президент.

Жараров Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл экенин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан