Орусиянын ИИМи кыргыз элчисинин үйүнө полициянын бастырып кириши боюнча үн катты

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Москвада Кыргызстандын элчилигинин кызматкеринин батирине полиция басып кирген окуя боюнча комментарий берди.

Орусиянын Ички иштер министрлиги окуя 8-апрелдеги “профилактикалык иш-чара” учурунда болгонун билдирди.

"Нижегородская көчөсүнүн жашоочуларынын бири укук коргоо кызматкерлерине миграциялык каттоого туруу боюнча документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, анын күйөөсү элчиликтин кызматкери экенин айткан. Интернетте күч органдары элчи Манас Жолдошбековдун батирине кулпуну бузуп кирип барганы кабарланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине маалымат келип, иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Орусиянын Ички иштер министрлиги коопсуздук күчтөрүнүн маалыматын жана мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерин текшерет.

Полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арыздын келип түшкөндүгүнө байланыштуу учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Кызматкерлер турак жай секторуна типтүү профилактикалык текшерүү жүргүзүшкөн, алар батирде дипломат жана анын үй-бүлөсү жашаганын билген эмес, бирок расмий протоколду сакташкан. Азырынча күч колдонуу жана эшикти сындыруу тууралуу маалымат четке кагылды. Бирок, расмий текшерүү гана кырдаал боюнча бардык чындыкты ачыкка чыгарат", - деген Ирина Волк.

Бул окуяга Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да комментарий берди.

"Биз дагы бир жолу биздин өлкөнүн Вена конвенциясына болгон сый-урматын жана анын дипломатиялык статусунун кол тийбестигин ырастайбыз, муну Ички иштер министрлигинде кесиптештер жарыялаган иликтөө дагы бир жолу баса белгилейт", - деп жазды ал өзүнүн телеграм каналына.

8-апрелде полиция кызматкерлери Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун батирине кирип келип үй-бүлө мүчөлөрүнө денесине залал келтиргени тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан