UFC: Кыргызстандыктар колдоп келген Жастин Гэйтжи укмуштуудай нокаут менен утулду (видео)

Бүгүн, 14-апрелде АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC 300" турнири өтүүдө.

Негизги карддык беттештердин биринде америкалык Жастин Гэйтжи менен анын мекендеши Макс Холлоуэй кез келди.

Эки мушкердин беттеши 5 раундга чейин созулуп, 5 раунд бүтөрүнө 2 секунд калганда Макс Холлоуэй атаандашын нокаутка учуратып жеңишке жетти.

Муну менен Макс Холлоуэй UFC уюмунун BMF курун алды.

2023-жылдын 19-мартына караган түнү Лондон шаарында "UFC 286" турнири болуп өткөн. Анда Жастин Гэйтжи менен Кыргызстандан кеткенин айткан Рафаэль Физиев кез келген.

Бул беттештин алдында кыргызстандыктар америкалык мушкерди социалдык тармактан колдоого алышкан. Беттеште калыстардын чечими менен Жастин Гэйтжи жеңишке жеткен.

Көпчүлүк кыргызстандыктар ага Жаасын, Кенжебек сыяктуу кыргыз ысымдарын коюшкан.

Жастин Гэйтжи нокаут менен утулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан