Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү аба мейкиндигин жабууда

Ирандын Израилге болуп көрбөгөндөй чабуулунан улам Иордания менен Ливан аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Иордания өзүнүн аба мейкиндигин бузган Ирандын учкучсуз учактарын жана Тегеран учурган башка учактарды атып түшүрүүгө даяр экени кабарланды. Израилдин маалымат каражаттары Израиль Ирандан учкан учкучсуз учактарды Иордания менен Сириянын асманында кармай баштаганын белгилешти.

Буга байланыштуу Орусиянын, Түркиянын компаниялары Иран, Иордания, Ирак жана Ливанга каттамдарын токтотту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан