Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты.

62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова жарым финалда монголиялык балбан кызды 13:3 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Финалда Айсулуу Тыныбекова япониялык Сакура Мотоки аттуу балбан кыз менен күрөшөт.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова менен Сакура Мотоки ушул жылдын январь айында Хорватияда өткөн Zagreb Open рейтингдик турниринин жарым финалында кез келген. Анда Айсулуу Тыныбекова акыркы секунддарда жеңишти илип кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан