Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министри менен жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 14-апрелде Кувейт мамлекетинин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуу Ташкент шаарында “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында өткөрүлгөн.

Анда тараптар Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду бекемдөө үчүн бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле эл аралык жана аймактык кырдаалдын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Кулубаев кувейт тарапты ушул жылдын июль айында Ысык-Көлдө пландаштырылган Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши өлкөлөрүнүн Инвестициялык форумуна активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде Абдулла Али Аль-Яхья чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө үчүн ушундай аянтчаларды колдонуу зарылчылыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан