Акылбек Жапаров Вашингтондо бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына болгон иш сапарынын алкагында америка-кыргыз соода палатасынын өкүлдөрү менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров бул жолугушуу эки тараптуу салттуу достук мамилелерди чыңдап, эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн эки тараптуу кызматташуусуна кошумча түрткү берерин белгиледи. Ошондой эле энергетика, айыл чарба, тоо кен жана туризм сыяктуу тармактарга америкалык технологияларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Андан кийин өкмөт башчы америкалык “Альварез жана Марсал” (“Alvarez & Marsal”) консалтинг компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Анда тараптар негизги инфраструктуралык долбоорлорго жана Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна чет элдик инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Акылбек Жапаров компаниянын башкаруучу директоруна Кыргызстанда улуттук кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кеңеш берүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары эки тараптуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп өттү, атап айтканда, компаниянын башкаруучу директору жана аткаруучу жетекчиси Питер Бриггс консалтингдик кызматтын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле алардын функциялары жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Тараптар бардык актуалдуу маселелер жана аларды чечүү боюнча мындан аркы аракеттер боюнча макулдашууга жетишти.

Анда алар эки тараптуу маселелерди изилдөө жана мүмкүн болушунча тезирээк жол картасын иштеп чыгуу үчүн консалтингдик компания менен Кыргызстандын компетенттүү мамлекеттик органдарынын ортосунда жумушчу-техникалык топ түзүүнү макулдашышты.

Компаниянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча диалогду улантууга жана кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Жыйынтыгында тараптар жемиштүү натыйжаларга жетишүү үчүн өз ара түшүнүшүү деминде ишти улантууга макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан