Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жамааты менен биргеликте ишембиликке катышып, элчиликтин аймагына көп жылдык бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту.
Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, Кулубаев ошондой эле элчиликтин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Анда мекеменин ишмердүүлүгүнөн кабар алып, ошондой эле алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги кыргыз-өзбек тышкы саясий иш-чараларына сапаттуу даярдык көрүү боюнча тийиштүү милдеттерди койду.