Жапаров Эл аралык валюта фондунун жетекчиси менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар климаттын өзгөрүшү, энергетика жана “жашыл” экономика жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров өлкөнүн учурдагы макроэкономикалык абалына кеңири токтолуп, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна өзгөчө көңүл бурду. Ал бул стратегиялык долбоордун масштабын, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана экономикалык өсүш үчүн потенциалдуу дивиденддерди эске алуу менен бул эбегейсиз зор долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан кызматташуунун ар кандай ыкмаларын карап чыгууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Бо Ли глобалдык экономиканын учурдагы чакырыктары боюнча өзүнүн пикири менен бөлүшүп, инфляциянын тездик менен өсүшү, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жана табигый кырсыктарды белгиледи. Ал ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанга баруу пландары бар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык артыкчылыктуу маселелер, анын ичинде бул жолугушууда талкууланган маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Андан кийин Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия аймагы боюнча директору Жихад Азур менен жолукту.

Жолугушууда тараптар өз ара аракеттенүүнү дагы арттыруу, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу сыяктуу инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, климаттын өзгөрүшү жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан