Жанар Акаев абактагы журналисттерди үй камагына чыгарууну сунуштады

Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев абакта жаткан журналисттердин маселесин көтөрүп, алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндү.

“Буга чейин президент менен журналисттердин диалогунун башталганын кубаттайм, туура болду. Ошондон кийин бир топ журналист эркиндикке чыкты. Азыр Айданбек Акматов, Олжобай Шакир, Актилек Капаров, 22 жаштагы Айке жана башка журналисттер абакта жатат. Аларды үй камагына чыгарып деле тергесеңер. Журналисттердин абакта жатканы биздин өлкөнүн имиджине аброй алып келбейт”, - деди Акаев.

Эске салсак, 16-январда Ички иштер министрлиги “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин алардын жетөө үй камагына чыккан жана тилкат менен бошотулган. Ал эми төртөөнүн баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылууда. Алардын баары өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Жогорку Кеңеш 17.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан